Өзбекстан айыл-чарба тармагын жаңылатуу үчүн 600 млн $ сарптайт

5 января 2021, 13:00

Айыл чарба тармагын жаңылоого, санариптештирүүгө жана агротехникаларды алуу үчүн алгачкы жолу грант жана насыя катары 600 млн доллар бөлүнөт. Бул тууралуу Өзбекстандын бийлиги маалымдады.

 

Бийликтин приоритеттүү тапшырмасы катары 1 гектар жердин баасын 5 миң долларга чейин көтөрүү коюлду. 

 

Бул үчүн Өзбекстан айыл чарба тармагына илимий изилдөөлөрдү жана инновацияны жүргүзүү үчүн ири кадамдарга барууда. Ошол эле учурда бул тармактагы технологиялардын бардык түрү жаңыланат. 

 

Кошумчалай кетсек, Өзбекстан бийлиги айыл чарба менен алектенген үй-бүлөлөргө 10 сотыхтан 1 гектарга чейин жер бөлүп берүүнү көздөп жатат.