Москва биржасында сом менен рублдун кезектеги бүтүмү түзүлдү

18 ноября 2022, 14:05

Ушул апта, 15-ноябрда Москва фондулук биржасында бүтүм болгон күнгө эсептешүү менен сом жана рублдун соода бүтүмү жасалды. 

Анда бир гана бүтүм түзүлүп, анын көлөмү 217,5 миң рублди түздү. Ага ылайык, 100 сом 72,5 рублге бааланды. 

Кошумчалай кетсек, буга чейин “Акчабар” быйыл Москвада 31-октябрда сом жана рубль соодасы кийинки иш күнүнө эсептешүү менен жалпы көлөмү 807,5 миң рубль өлчөмүндө үч транзакция болгонун жазган.