Сот аткаруучулардын төш белгилерине млн сомдун үчтөн бир бөлүгү жумшалат
Жогорку cотко караштуу сот департаменти сот аткаруучулар үчүн төш белгилерди даярдоо боюнча тендер жарыялаганы мамлекеттик сатып алуулар порталына жазылды.
Бул максатта 346 миң сом жумшоо пландалууда. Жалпысынан, ар бири 2 миң сомдук 173 төш белги чыгаруу пландалууда.