Жаңы жылдык кооздуктарга Бишкексвет 2.5 млн сом жумшайт

11 декабря 2019, 11:10

Жаңы жылдык кооздуктарга Бишкексвет муниципалдык ишканасы 2.5 млн сомдон ашык каражат сарптайт. Бул тууралу мамлекеттик сатып алуулар порталы маалымдады. 

Муниципалдык ишкана 4 миң метр кооздук берүүчү жарыктарды жана 11 миң метр жандыруучу гирляндаларды алууну көздөйт. 

Белгилей кетсек, тендерге катышууну каалагандар товарлардын үлгүсүн көрсөтүү керек. Ошондой эле буга чейин тендерге катышкан тажрыйбасы болуусу кажет.