Бишкектин башкы планын тактоого 31 млн сом сарпталат

11 июля 2023, 13:33

Келерки жылы шаар куруу документтерин иштеп чыгууга 65 миллион сом жумшалат. Мындай маалыматтар Бишкек шаарын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2025-2026-жылдарга болжолун ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында жарыяланган.

Акча тышкы донорлордон тартылары белгиленген. Жооптуу аткаруучу жеке турак-жай курулуш департаменти болот.

65 миллион сомдун 31 миллион сому Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын тактоого бөлүнөт. Калган 34 миллион сом ордо калаанын социалдык-экономикалык жана мейкиндик өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга жумшалат.