Мал базарларын жаңылоого 37 млн сомдон ашык каражат жумшалды

5 октября 2022, 13:48

Мал базарларын оңдоп-түзөө жана жаңылоого жарым жыл ичинде 37,4 млн сом жумшалды. Бул тууралуу Айыл-чарба министринин басма сөз кызматы маалымдады.

Учурда жалпы өлкө боюнча 60 мал базар бар экени, алардын жалпы сыйымдуулугу 14,5 миң баш бодо мал, 15,4 миң баш майда мүйүздүү мал, 4,1 миң баш жылкы бар экени көрсөтүлгөн.

Мал базарлардын аймагын көрктөндүрүү боюнча бардык иштер менчик ээлеринин өздүк булактарынын эсебинен каржыланган.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдын март айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттик аппараттын жыйынында борбордогу жана региондордогу мал базарлардын абалын катуу сынга алган.