Мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджеттен 14.2 млрд сом жумшалган
2020-жылдын январь-март айларында республикалык бюджеттен мамлекеттик карызды тейлөөгө 14 млрд 258.3 млн сом жумшалган. Бул тууралуу каржы министрлигинин сайтында маалымдалат.
Анын ичинен:
- мамлекеттик тышкы карызга – 6 млрд 407.2 млн сом;
- Мамлекеттик ички карызга – 7 млрд 851.1 млн сом.
|
Башкы сумма |
пайызы |
жыйынтыгы |
Мамлекеттик тышкы карыз |
4 415.6 |
1 991.6 |
6 407.2 |
Мамлекеттик ички карыз |
6 087.1 |
1 764 |
7 851.1 |
Жалпы мамлекеттик карыз |
10 502.7
|
3 755.6 |
14 258.3 |
2020-жылдын январь-март айындагы мамлекеттик карызды тейлөө үчүн:
- 2020-жылдын бекитилген бюджетине ылайык, мамлекеттик карызды тейлөөгө 28 млрд 818.8 млн сом бөлүнөөрү белгилүү болгон. КР «2020-жылдагы республикалык бюджет жана 2021-2022-жылга божомол» мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдөн соң чыгымдардын көлөмү 32 млрд 821.2 млн сомду түзгөн.