Мамлекеттик карызды тейлөөгө 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүнөт

9 февраля 2022, 10:19

Февраль айында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджетте 2 млрд 96 млн 958,5 миң сом каралган. Мындай  маалыматтар тиешелүү ведомствонун кассалык планында көрсөтүлгөн.

 Белгилей кетсек, өткөн айга караганда 9 млн 494,9 миң сомго көп, ал эми бул максатта 2 млрд 87 млн 463,6 миң сом бөлүнгөн.

Кошумчалай кетсек, парламент Дания жана Сауд өнүктүрүү фонду менен тышкы карызды төлөөнү токтотуу боюнча эки макулдашууну карап жатат.  Дания менен 115 миң доллар, Сауд Фонду менен 2023-жылга чейин 85 миң доллар өлчөмүндөгү төлөм линиясы жөнүндө сөз болуп жатат.