Февраль айында тышкы карызды тейлөөгө 2.7 млрд сом жумшалган

4 марта 2020, 09:29

Мамлекеттик карызды тейлөөгө февраль айында республикалык бюджеттен 2 млрд 797.9 млн сом жумшалган. Бул маалыматты финансы министрлиги билдирди. 

Анын ичинен ички карызды жабууга 1 млрд 863.9 млн сом, тышкы карызды жабууга - 934 млн 42.6 миң сом бөлүнгөн. Белгилей кетсек, мамлекеттик карызды тейлөөгө январь айына салыштырмалуу 9.1% же 234 млн сомго көп каражат жумшалган. Каражаттын көпчүлүк бөлүгүнө тышкы карыз төлөнгөн. 

Кошумчалай кетсек, жылдын башында финансы министрлиги 2020-жылы Кыргызстандын тышкы карызына  28.8 млрд сом бөлүнөт деген маалымат берген.