Март айында мамлекеттик карызды төлөөгө 3.6 млрд сом жумшалган

5 мая 2020, 09:26

2020-жылдын март айында мамлекеттик карызды төлөөгө бюджеттен 3 млрд 614 млн 459.5 миң сом жумшалган. Бул тууралуу Кыргызстандын финансы министрлиги маалымдайт. 

Мамлекеттик ички карызды тейлөөгө - 1 млрд 335 млн 29 миң сом, тышкы карызга - 2 млрд 279 млн 430.5 миң сом жумшалган. 

Белгилей кетсек, жыл башында тышкы карызды төлөөгө, ички карызды жабуудан дагы көп каражат бөлүнгөнү маалымдалган. 

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын I кварталында мамлекеттик карызды жабууга бюджеттен 8 млрд 976.4 млн сом которулган.