Кыш мезгилинде ашууларды тейлөө үчүн 150 млн. сом бөлүнөт

10 октября 2019, 14:19

2019 – жылы Транспорт министрлигине жолдорду оңдоп-түзөө иштерине 150 млн. сом бөлүнгөн. Январь-апрель айларында сумманын 80-83% (122 млн. сому) аткарылган деп билдирет Транспорт жана жол кыймылы  Министрлиги. 

Калган 30.3 млн. сом октябрь-декабрь айында иштетилээри айтылган. Бул каражатка керектүү материалдарды сатып алуу жана техникаларды оңдоп-түзөө иштери аткарылат. Кышкы убакытта министрлик  Кыргызстан боюнча 28 ашууга тейлөө иштерин жүргүзөт.