Баткенге жардам катары атайын эсепке 287,2 млн сом чогулду

28 сентября 2022, 11:55

Бүгүнкү күнгө карата кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда калкка колдоо көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 287 миллион 162,7 миң сом түштү. Бул тууралуу Борбордук казыналык билдирди.

Транзакциянын саны 3 миң 355ти түздү.

“Атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандар тарабынан каржылык алдамчылыкка жол бербөө максатында ачылган”, - деп айтылат маалыматта.