Баткенге жардам үчүн ачылган атайын эсепке 315,4 млн сом түштү
Баткен облусуна жардам үчүн ачылган атайын эсепке 315 млн 432 миң 302,14 сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүтүмдөрдүн саны 3 миң 724кө жетти.
Мекемеден белгилешкендей, каражат азырынча Баткенге багыттала элек. Аны туура бөлүштүрүүгө президенттин аймактагы өкүлчүлүгү жооптуу болот.