Баткенге жардам катары 320 миллион сомдон ашык каражат түштү

7 октября 2022, 09:46

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда калкка колдоо көрсөтүү үчүн кыргыз жарандарынан жана ыктыярчылардан 320 миллион 60 миң сом өлчөмүндө каражат түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Акча которуулардын саны 3 миң 750гө жетти.

Эске салсак, Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз адамдардын каржылык көз боемочулугунун алдын алуу максатында атайын эсеп ачылган.

Кошумчалай кетсек, Баткен элине шилтемедеги реквизиттер боюнча жардам берүүгө болот.