Онлайн-аукциондо 800 ашык «номер» 3 млн сомго сатылды

7 августа 2019, 16:16

Мамлекеттик номерлерди саткан онлайн-аукциондо http://nomer.srs.kg  800 өзгөчө комбинациядагы номерлер  3 млн сомго сатылды. Бул тууралуу  Инфокоммамлекеттик ишканасы билдирди. 

 «Санарип Кыргызстан» саясатына байланыштуу мамлекеттик кызматтарда IT-инфраструктураларын жайылтууга өзгөчө  көңүл бурулууда. 

Онлайн-аукционго  баардык катышуучу реалдуу убакытта сайтка кирип, каалаган комбинациядагы номерди сатып алса болот. Сооданын автоматташтырылганы коррупциялык жолду бууп, «кымбат» номерлерди сатып алууну ачык сатуу жүрүүдө.

Сайтагы  онлайн-аукционго катталуу үчүн  http://nomer.srs.kg кирип,  каалаган комбинацияны тандап, арыз берип, старттык сумманын 10% төлөө зарыл.  Алдын алынган төлөм эгерде кардар номер албай калса кайра кайтарылат.

Катышуучулар СМС- билдирүү алып, аукциондун башталы тууралуу билип, реалдуу режимде соодага катышат. Ар бир кадам система аркылуу каттоого алынып, ставка 5 минут ичинде кабыл алынып, жеңүүчүлөр убакытка жараша аныкталат.

Аукциондон түшкөн кирешелердин 91% мамлекеттик бюджетке түшүп турат.