Жаратылыш ресурстар министрлиги 13,6 млн сомго оргтехникага сатып алат

26 декабря 2022, 09:39

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги оргтехника сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Тендердин баасы 13 миллион 587 миң 500 сомду түзөт. Бул каражатка мекеме персоналдык компьютерлерди жана принтерлерди, проекторлорду, дрондорду, фотоаппараттарды, жетекчилерге отургучтарды жана сейфтерди сатып алууну пландаштырууда.