«Улуттук электр тармактарынын» Ош филиалы трансформаторго 1,1 млн сом жумшайт

6 сентября 2021, 09:50

"Улуттук электр тармактары" ишканасынын Оштогу филиалы трансформаторлорду ташууга тендер жарыялады. Сынактын шарттары мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.

Ишканага 50 тонна жүк көтөрө ала турган автокран жана тралдын кызматы керектелет. Сатып алууга 1,1 миллион сом каралган.