«Кыргызкөмүр» ишканасы көмүр ташууга дээрлик 400 млн сом жумшайт

24 августа 2021, 16:30

 

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы көмүр ташуу кызматына тендер жарыялады.

Тендердин жалпы суммасы 398 миллион 520 миң сомду түзөт.

Техникалык тапшырмага ылайык, көмүрдү "Кара-Кече" кенинин борбордук разрезинен Балыкчыдагы мамлекеттик ишкананын филиалына алып келүү керек болот.