Кыргызстанда бирдиктүү нотариалдык палата түзүлдү

24 июля 2023, 10:46

Бишкекте өткөн нотариустардын биринчи съездинде республика боюнча адистердин ишин жөнгө салуучу орган түзүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы чогулушка бардык аймактардан кесипкөй нотариалдык коомчулугунан 300дөн ашык делегат катышты.

Негизги чечим бүткүл республика боюнча нотариустардын ишин профессионалдык жана этикалык нормалардын чегинде жөнгө сала турган “Нотариустардын бирдиктүү палатасын” түзүү боюнча кабыл алынды.

"Бирдиктүү Нотариалдык палатанын түзүлүшү алдыга жасалган маанилүү кадам. Юстиция министрлиги Палата менен толук кандуу кызматташууга, институционалдык калыптанууга жана өнүктүрүүгө тийиштүү жардам көрсөтүүгө даяр. Анын үстүнө мен түз эле айткым келет – биз сиздердин ишиңиздерде мамлекеттин катышуусунун деңгээлин төмөндөтөбүз. Ошол эле учурда Палата жеке нотариустардын ишин текшерүү жана даттанууларды кароо, экзамендерди өткөрүү процесстерине катышат", - деди Юстиция министри Аяз Баетов.