Полиомиелитке каршы эмдөөнү пиар кылуу үчүн 1,4 млн сом жумшалат

21 сентября 2021, 17:00

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы республикалык иммунопрофилактика борбору полиомиелитке (шал оорусу) каршы эмдөөнү жайылтуу үчүн беш блогер жалдоону көздөп жатат. Тендер мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.

Борбор пиарга 1,4 миллион сом жумшоону көздөөдө. Тендердин шарттарына ылайык, блогерлердин катталуучуларынын саны 100 миңден кем эмес, ал эми "тарыхчасын" (сторис) көргөндөр 2 миллиондон кем болбошу керек.