Жаңы автобустарды сатып алуу үчүн 300 млн. ашык акча бөлүнгөн

18 сентября 2019, 17:40

2019 – жылы тендерден утуп алган Znengzhou Yutong Bus компаниясы Бишкекке жаңы 60 автобустарды алып келген. Автобустарды сатып алууга бюджеттен 301 млн. 273 миң 700 сом бөлүнгөн. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы кабарлайт. 

Күн сайын Бишкектин көчөлөрүнө 130 автобус жана 125 траллейббус чыгат. Шаардык автопаркта жеке менчик микроавтобустарды кошкондо 1 миң 950 унаа бар.  Кийинчерээк маршруттук таксилерди мэрия орто жана чоң автобустарга алмаштырууну пландоодо.