Жети-Өгүз айылындагы бала бакчанын курулушуна 82,3 млн сом керектелет

29 декабря 2022, 09:31

Ысык-Көл облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылына бала бакча курууга тендер жарыялады. Өтүнмө мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган.

Тендердин баасы 82 миллион 296 миң 607 сомду түзөт. Бала бакча 100 орундуу болот.