Базар-Коргон районундагы мектептин курулушуна 49 млн сом бөлүнөт

16 декабря 2022, 09:08

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтү мектеп имаратын курууга тендер жарыялады. Тиешелүү жарыя мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.

Тендердин баасы 49 миллион 162 миң 558 сомду түзөт.

Арыздын шартына ылайык, тендерди уткан тарап Чкалов айылына 225 орундуу мектеп имаратын куруп бериши керек.