Чаткалдагы мектептин курулушуна 142,2 млн сом бөлүнөт

28 декабря 2022, 09:17

Жалал-Абад облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы Чаткал районунун Курулуш айылына мектеп курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин баасы 142 миллион 216 миң 54 сомду түзөт. Бул каражатка 225 орундуу мектеп курулат.

Конкурстун шартына ылайык, курулуш келишим түзүлгөн күндөн тартып 24 айдын ичинде өз убагында каржылоо менен бүткөрүлүшү керек.