Лейлек районундагы мектептин курулушуна 83,5 млн сом бөлүнөт

8 декабря 2022, 11:22

Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Баткен облусунун Лейлек районунун Миң-Жыгач айылына мектеп курууга тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды. 

Тендердин баасы 83 миллион 467 миң 489 сомду түзөт.

Бул каражатка мектеп кура турган тарап 25 орундуу мектеп имаратын куруп бериши керек.