Ноокат районундагы мектептин курулушуна 145 млн сом бөлүнөт

2 декабря 2022, 10:05

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Ноокат районунун Арал айылына мектеп курууга тендер жарыялады.

Тендердин баасы 144 миллион 944 миң 572 сомду түзөт. Бул каражатка 225 орундуу мектеп имаратын куруу пландалууда. 

Мектеп имаратынын курулушун каржылоо бюджеттен толук жана өз убагында бөлүнөт. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 24 ай.