Мамлекеттик кызматкерлер үчүн турак жай курууга 360 млн сом бөлүнөт
Алдыдагы үч жылда социалдык өнүктүрүү программасынын алкагында мамлекеттик кызматкерлер үчүн турак жай курууга 360 миллион сом бөлүнөт. Буга Бишкек шаардык кеңешинин маалыматы далил.
Бул суммага 2024-жылдан 2026-жылга чейин муниципалдык кызматкерлер үчүн үч көп кабаттуу турак жай куруу пландалууда.
Белгилеg кетсек, бул долбоордун аткаруучусу Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы болуп саналат.