«Сосновка» өткөрүү пунктунда мыйзамсыз этил спирти жүктөлгөн унаа аныкталды

14 декабря 2022, 17:30

“Сосновка” өткөрүү пунктунан салык кызматы мыйзамсыз өтүп жаткан бир тоннадан ашык спирт ичимдиктерин ташуу фактысын аныктады. Бул тууралуу аталган мекеминин басма сөз кызматы билдирди.

Унаада тиешелүү документтери жок этил спирти ташылып бара жаткан. 

Унаа айып жайга киргизилип, текшерүүнүн материалдары юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди. 

Эске салсак, 2022-жылдын 1-сентябрынан тарта Кыргызстанда этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга 100% мамлекеттик монополия киргизилген.