Пенсияны көтөрүш үчүн 4,4 млрд сом керек

3 октября 2022, 10:15

735,7 миң адамдын пенсиясын жогорулатууга кошумча 4,4 млрд сом керек. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлашты.

Пенсиянын базалык бөлүгүнө бюджеттен 3 миллиард сом, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө 1,3 миллиард сом Пенсиялык фонддон бөлүнгөндүгү такталууда.

Эске салсак, пенсионерлердин жашоо деңгээлин жакшыртуу үчүн 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин, ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 15%га жогорулатылган.