Жөлөкпулдарды жогорулатуу үчүн бюджетке кошумча 3,6 млрд сом керек

3 сентября 2021, 10:30

Президент "Жарандардын айрым категорияларына ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" жарлыкка кол койду. 

2021-жылдын 1-октябрынан тартып ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 50%га жогорулаганда, кошумча муктаждык 452,8 миллион сомду түзөт. 2022-жылдын 1-январынан тартып ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 100%га жогорулаганда, кошумча жылдык муктаждык 3,6 миллиард сомду түзөт.

Мындан тышкары, багуучусунан ажыраган учурда балдарга ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун жогорулашын эске алуу менен, өкмөткө Социалдык фонд тарабынан төлөнгөн багуусуз калган пенсиясын теңдештирүү тапшырылды.

Буга байланыштуу республикалык бюджеттен 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 138 миллион сом суммасында жана 2022-жылдын 1-январынан 970 миллион сом кошумча каражат талап кылынат.

Чыгымдарды каржылоо булагы республикалык бюджеттин каражаттары болуп саналат.