Өкмөт башчынын фондунан Конституциянын 30 жылдыгын майрамдоого акча бөлүнөт

6 марта 2023, 11:58

Конституциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү башталды. Тийиштүү жарлыкка 8-февралда президент Садыр Жапаров кол койду.

Иш-чараларды өткөрүүнүн деталдуу планы жана аны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.

Майрамдык иш-чаралардан тышкары “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалын чыгаруу да пландалууда. Аны өндүрүү президенттик администрацияга жүктөлгөн, мөөнөтү 1-майга чейин.

Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылат. Ошондой эле, акча министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан бөлүнөт.