Апта ичинде комбанктар валюта соодасында 112,7 млн доллар сатып алышты

16 января 2023, 14:28

Өткөн аптада коммерциялык банктар валюта соодаларында 112,7 миллион доллар сатып алышкан. Бул тууралуу Улуттук банктан маалым болду.

Анын ичинен 5 миллион 550 миң доллар бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүү менен, калган 107 миллион 150 миң доллары бүтүм түзүлгөн күндөн башка датага эсептешүү менен сатылып алынган.

Ошол эле учурда соодада сатылган сумманын 95,2%ы жөнгө салуучу тарабынан камсыздалган.

Эске салсак, 10-январда Улуттук банк 2023-жылы биринчи жолу валюталык интервенция менен банктар аралык рынокко чыгып, 104 миллион 250 миң долларды саткан. Муну менен АКШ долларынын курсунун кескин секирүүсүнө жол бербөөгө жана курсту 85,68 сом деңгээлинде кармап турууга мүмкүн болгону белгиленди.