2020-жылда өтө туруучу парламенттик шайлоого 17.2 млн. $ бөлүнөт

27 сентября 2019, 12:30

2020 – жылы өкмөт ири иш-чара жана парламенттик шайлоого 1.2 млрд. сомдон ашык акча которот. Бул тууралуу бүгүнкү өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. 

Мамлекеттин бюджетинен коротулган бардык чыгымдар, кийинки жылы салык жана салыктык эмес кирешелерден жабылат деп билдирди. 

Бюджеттин кирешесин  электрондук фискалдык системаны ишке ашыруу, электрондук  эсеп-фактура , товарларды маркалоо, онлайн текшерүү – касса машиналары аркылуу көбөйтүү мүмкүн экенин баса белгилешти.