#RЕакция 2.0 тынчтык митингин өткөрүүгө 10600 сом жумшалган

19 декабря 2019, 18:15

#RЕакция 2.0 тынчтык митингин өткөрүүгө 10600 сом жумшалган. Бул тууралуу жарандык активист Улан Үсөйүн өзүнүн Facebook социалдык баракчасына жазып чыкты. 

Бул каражатка тынчтык акциясынын уюштуруучулары ышкырык, желек, плакат, кагаз ж.б. керектүү буюмдарды алышкан. Андан сырткары, А3 форматындагы плакаттын шөкөттөөсүнө, аны басып чыгарууга жана А4, А3 форматындагы плакаттарды, баннерлерди басып чыгарууга төлөшкөн.