ЖК аппаратынын чыгашалары декабрда ноябрга караганда 9,7% аз

27 декабря 2022, 09:46

Жогорку Кеңештин аппаратынын декабрь айына чыгашасы 59 млн 983,3 миң сом өлчөмүндө белгиленди, бул ноябрь айына пландалган чыгашадан 9,7%га аз. Бул тууралуу Каржы министрлигинин документтеринде айтылат.

Белгилеп кетсек, ноябрь айында башкармалыктын чыгашалары 66 млн 493,3 миң өлчөмүндө белгиленген. Ошол эле учурда 12% же 74 млн 337,8 миң сом пландан ашыкча жумшалды.

Муну менен бирге Каржы министрлигинин кассалык аткарылышы боюнча март айынан ноябрь айына чейин ЖК аппараты тарабынан 936 млн 768,3 миң сом жумшалып, план 32,5%га аткарылган.

Бөлүмдүн чыгашаларынын негизги беренесин эмгек акы түзөт, ал үчүн марттан ноябрга чейин 688 млн 357,4 миң сом бөлүнгөн, бул ЖК аппаратынын бардык чыгашаларынын 73,5%ын түзөт.