Билим берүү министрлигинин чыгымдары 31,1 млрд сомду түздү

31 августа 2023, 16:48

Быйыл жети айда Билим берүү министрлигинин чыгымдары 31,1 млрд сомду түздү.  Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Анын 25,4 млрд сому кафедранын кызматкерлеринин, анын ичинде мугалимдердин жана окутуучулардын эмгек акысына жумшалса, соцфондго чегерүү 4,3 млрд сомду түздү. 

Андан ары министрликтин эң көп чыгымдары тамак-аш сатып алууга 439,5 млн сом, ошондой эле жаңы кадрларды даярдоого 427,3 млн сом сарпталган. 

Ошондой эле, ведомстволук мекемелерди оңдоого 105 млн сом жумшалган.