Өзбекстан ЕӨККБдан 246 млн $ насыя алат

24 ноября 2019, 16:00

Евразия өнүктүрүү жана калыбына келтирүү банкы Өзбекстанга 246.1 млн доллар насыя берет. Алынган каражат инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталат. Бул чечим Өзбекстан республикасынын президенти алдындагы чет элдик инвесторлордун жыйынында кабыл алынган. 

Насыя электр энергия тармагына, Каршы , Үргөн, Хива шаарларындагы канализацияны кайра куруу жана иштетүүгө жумшалат.