Каракол шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен 850 млн сом бөлүнөт

13 мая 2022, 17:29

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Каржы министрлигине Каракол шаарын өнүктүрүү долбоорунун биринчи этабын ишке ашырууга 850 млн сом бөлүүнү тапшырды, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактарды өнүктүрүү программасын ишке ашырууда пилоттук шаар катары тандалган Каракол шаарынын өнүгүү программасы менен таанышты. Долбоор үчүн бюджеттен 2 миллиард сом каралган.

Каракол шаарын өнүктүрүү үч багытта жүргүзүлүп, анын ичинде муниципалдык базарды жана таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу, шаардык инфраструктураны оңдоо, социалдык объектилерди жакшыртуу жана модернизациялоо кирет. Жалпысынан Караколду өнүктүрүү программасынын биринчи этабына жалпы суммасы 885 млн сомго 10 долбоор иштелип чыккан.

Долбоорлорду ишке ашыруу быйыл башталат.