Ош облусун өнүктүрүүгө 148,6 млн сом бөлүндү
Быйыл Ош облусуна республикалык бюджеттен бюджеттер аралык трансферттерге 148,6 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Анын 129,6 млн сому теңдештирүү трансферттерине жумшалат;
- айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 11,3 млн сом;
- электр энергиясынын 50% кенемтесине – 7,7 млн сом жумшалат.
“Мындан тышкары, Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөрүнүн) электр энергиясынын чыгымдарын каржылоого республикалык бюджеттен 51,4 млн сом бөлүнгөн. Жалпысынан – 200 млн сом”, - деп белгиледи Каржы министрлиги.