Искусство жана маданият чөйрөсүн өнүктүрүүгө 673,5 млн сом бөлүнөт

17 августа 2023, 10:36

Министрлер кабинети маданият тармагын колдоого мамлекеттик бюджеттен 673,5 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Белгиленгендей, бөлүнгөн каражат өлкөнүн тарыхый-маданий мурастарын сактоого жана өнүктүрүүгө, профессионалдык искусствону колдоого, ошондой эле маданият жана искусство мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жаңылоого жумшалат.

Каражат бөлүү чечими өлкөнүн маданиятына мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүүнү күчөтүү жана искусствону рынок шартына ылайыкташтыруу үчүн кабыл алынган.