Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого дээрлик 14 млн евро жумшалат

6 марта 2023, 10:00

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого Европа кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы дээрлик 14 миллион евро бөлөт. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, тиешелүү келишимге кол коюлду.

Макулдашууга ылайык, Лебединовка гидроэлектростанциясын реабилитациялоонун 5 миллион евросу грант болот.

Долбоорду ишке ашыруу электр энергиясын өндүрүүнү жылына 56 пайызга көбөйтүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.