ЖЭБдин сигнал берүү тутумун реконструкциялоого 16 млн сом сарпталат

27 апреля 2021, 11:35

"Электр станциялары" ААК Бишкек жылуулук электр станциясынын кабелдик курулмаларынын жана имараттарынын коопсуздук жана өрт сигнализация тутумун реконструкциялоого тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөгө 15 миллион 981 миң 300 сом сарптоо пландалууда.

Буга чейин "Электр станциялары" ишканасынын Оштогу филиалы абразивдик материалдарга, электроддорго, түстүү металл буюмдарына тендер жарыялаган. Сатып алуу 143 миллион 464 миң 490 сомду түзгөн.