Жалал-Абаддын көчөлөрүн оңдоого дагы 239 млн сом сарпталат

26 июля 2023, 10:05

Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгы калаанын бир көчөсүн капиталдык оңдоо жана реконструкциялоого тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында жазылган.

Тендердин жалпы суммасы 239 миллион 63,5 миң сомду түзөт.

Каражаттын негизги бөлүгүн Бекмамат Осмонов көчөсүнө (Курманбек көчөсүнөн Пушкин көчөсүнө чейин) жумшоо пландалууда.

Эске салсак, шаарды калыбына келтирүүгө буга чейин бюджеттен 2 млрд сом бөлүнгөн.