Бишкектеги мектептердин фасаддарын оңдоого 11 млн сомдон ашык жумшалат

6 сентября 2022, 14:02

Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы билим берүү объектилерин оңдоого тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 11 миллион 838 миң сомду түзөт.

Белгилеп кетсек, план боюнча борбор калаанын № 20, 35 жана 10 мектептеринин фасады оңдолот.