Медициналык академиянын имаратын оңдоого 45 млн сом жумшалат

27 февраля 2023, 15:30

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы окуу корпусун курууга тендер жарыялады. Тиешелүү жарыя мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.

Тендердин баасы 45 миллион 217 миң 465 сомду түзөт. Бул сумма үчүн подрядчы Бишкек шаары, Сүйөркулов көчөсү, 3 дарегинде жайгашкан окуу имаратында жалпы курулуш иштерин (жылытуу, жасалгалоо, желдетүү, сантехника) жүргүзүүсү керек.

Жумуш 70 күндүн ичинде бүтүшү зарыл.