Жаштар борборун оңдоп-түзөөгө 1 млн. сом бөлүнгөн

2 октября 2019, 11:00

Акыркы жыйырма жылдан бери биринчи жолу «Жаштык» жаштар борборуна толугу менен оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Шаардык бюджеттен оңдоп-түзөөгө 1 млн.701 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы билдирет. 

Жаштар борборунун чатыры алмаштырылып жылуулук  системасы жана суу түтүктөрүн калыбына келтирүү иштери толугу менен жүргүзүлгөн.

Андан сырткары мэрия фойе, хореография залын жана өзгөчө балдарга арналган бөлмөгө дагы оңдоп-түзөө иштерин жүргүздү. 


Оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан «Темир Строй Групп» курулуш компаниясы калган иштерди келишимге ылайык 11 – октябрга чейин бүткөрүүнү убадалашты. 

«Жаштык» жаштар борбору 1963 – жылы салынган. Акыркы 19 жыл ичинде маданият үйү катары кызмат көрсөтүп келет.