2020-жылы маданият тармагына көбүрөөк каражат бөлүнөт

12 ноября 2019, 10:15

Маданият тармагына 2020-жылы бюджеттен чоң сумма бөлүнөөрү каралууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 11-ноябрда Жогорку Кеңештин бюджет жана карожы комитетинин жыйынында билдирди. 

Анын айтымында,  президент театрлардын абалы менен таанышуу үчүн бардыгына  барып келген. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары маданият тармагына каражат бөлүнбөйт деп сын-пикирин айтып келишкен. 

Премьердин айтымында, Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драм театрында 98 млн сомго оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук академия театрын оңдоп-түзөөгө 85 млн сом бөлүнгөн. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына 55.4 млн сом бөлүнүп, учурда оңдоп-түзөө иштери аяктаган жана президент өзү театрда болуп өткөн иш-чарага катышкан деп кошумчалады Абылгазиев. 

«Бизде заманбап театр болуусун каалайбыз», — деп билдирди ал.