Кыргызстандыктардын колунда дээрлик 126.2 млрд сом бар

27 октября 2020, 16:30

Учурда жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү 135 млрд сомду түзөт. Бул Улуттук банктын 2020-жылдын 1-октябрга карата чыгарган жыйынтыгы. 

Маалыматка ылайык, 8.8 млрд сом коммерциялык банктарда, калган 126.2 млрд сом банктык эмес тутумдарда. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу накталай каражаттын суммасы 30.2 млрд сомго же 31.6% жогорулаган. 

2020-жылдын III кварталында коммерциялык банктар тарабынан 585.4 млрд сом берилген. Бул 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 42.2 млрд сомго (7.8%) көп. Накталай каражаттардын банктык кассага кайра кайтаруусу отчеттук мезгилде 98.1% түзгөн.