ЕАЭБдин бир катар товарларына салык төлөмү жокко чыгарылды

29 июня 2021, 15:00

1-июлдан тарта айрым импортко чыгуучу товарлардын кошумча салыгы 0% ченемде болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим азык-түлүк товарларына болгон базар баасын турукташтыруу жана ишкердик субъектилерине колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Атап айтканда, бул чен төмөнкү товарларга тиешелүү:

  • 2021-жылдын 1-июлунан 31-августуна чейинки мезгил аралыгында - Кыргызстанга ЕАЭБ мамлекеттеринен импорттолгон кум шекер (1701 тышкы соода кодексине ылайык товарлардын номенклатурасы) жана өсүмдүк майы (1512),
  • 1-июлдан 31-декабрга чейинки мезгилге - импорттолгон айыл чарба жаныбарлары (жылкылар (код 0101), бодо мал (0102), чочколор (0103), кой-эчкилер (0104), канаттуулар (0105)).