Баткен элине жардам катары эсепке 273 млн сомдон ашык каражат түштү

26 сентября 2022, 12:05

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жапа чеккен баткендиктерге колдоо көрсөтүү үчүн 273 миллион 349 миң 914,36 сом өлчөмүндө каражат түштү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Агенттик транзакциялардын саны 3 миң 184тү түзгөнүн жана маалыматтарды тактоо уланып жатканын белгилейт.